"Жолдошумдун чачынан башка толтура маселе бар." Кайрат Примбердиевдин жубайы үн катты
RU

"Жолдошумдун чачынан башка толтура маселе бар." Кайрат Примбердиевдин жубайы үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайрат Примбердиевдин жубайы Эльвира Бегалиева депутаттын сынына жооп кайтарды. Ал бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берди.

"Кыргызстанда менин жолдошумдун чачынан башка толтура маселе бар. Депутаттар ошол маанилүү нерселер менен алектенишсе жакшы болмок. Кайрат ошондой узун чачы менен Орусиянын "Голос" сынагына барып, Кыргызстанды таанытып, атын чыгарып келген. Ошондо ага эч кимиси маани берген эмес. Эми эле көзүнө көрүнүп калыптырбы?

Кайрат учурда эч кайсы мамлекеттик мекемеде иштебейт, чачын кыска алып жүргүдөй. Ал эркин ырдап жүргөн чыгармачыл инсан. Ал чачын узун кылабы, башка кылабы, өз эрки. Саясатчылар жолдошумдун атынан өзүн пиар кылгандын ордуна башка тема табышса болмок",-деди жубайы.

Белгилей кетсек, 16-июндагы "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Ала-Тоо борбордук аянтта өткөн "Нооруз" майрамында чачын түйүп, ырдап чыккан мырзаны (Кайрат Примбердиев -ред. Кактус) мисал кылып, кыргыз жигиттери чачын түйүп алып ырдабайт деп билдирүү жасаган. Буга кошумча маданият министрлигин ырчылардын кийим-кече, чач жасалгаларына көңүл бурбайт деп сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12950