Бишкекке Моргенштерн келбей турган болду. Маданият министрлиги чечим чыгарды
RU

Бишкекке Моргенштерн келбей турган болду. Маданият министрлиги чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Alga Fest" фестивалына Моргенштерн келбейт. Бирок музыкалык фестиваль өтөт. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

Уюштуруучулар Instagram баракчасы аркылуу фестивалга Моргенштернди катыштырбоо чечимин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги расмий кабыл алганын жазышты.

"Биз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий катын алдык. Фестиваль Моргенштерндин катышуусу жок өтө турган болду", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, Моргенштерндин катышуусундагы Бишкектеги концерт Alga Fest фестивалынын алкагында 23-июнга белгиленген. Буга чейин бир катар депутаттар Моргенштерндин келип, Бишкектеги фестивалга катышуусуна каршы чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12952