Бишкекте түнкү жарыш болуп өттү
RU

Бишкекте түнкү жарыш болуп өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-июнь күнү кечинде Бишкекте бардык спорт күйөрмандары үчүн жыл сайын өтүүчү KFC Night Run 2023 чуркоосу болуп өттү. Уюштуруучусу Nomad Sport бейөкмөт уюму болгон.

KFC Night Run 2023 - Кыргызстандагы жалгыз түнкү чуркоо. Ал борбор калаада бешинчи жолу өткөрүлдү. Жарышка 2500дөй адам катышты.

Спорттук иш-чарадан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Байтик айылындагы хосписине жөнөтүлөт.

Катышуучулар үч дистанцияны - 5, 10 жана 21,1 чакырымды басып өтүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12957