Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ӨКМдин тик учагы менен Талас, Кербенге барышты
RU

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ӨКМдин тик учагы менен Талас, Кербенге барышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Талас жана Кербен шаарларына болгон иш сапарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын пайдаланды. Буга социалдык түйүндөрдө пайда болгон видеотасма далил.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-июнда Садыр Жапаров инфраструктурасы модернизацияланып жаткан Талас аэропортун текшерүү үчүн барган. Ал аэропорттун аймагына тик учак менен конгондугун президенттин маалымат кызматы жарыялаган видеотасма тастыктап турат. Алгачкы секунддарда президент менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев учуп-конуу тилкесинин капталынан басып бара жатканын, арткы планда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы турганын көрүүгө болот. Ушул эле күнү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын облустагы кызматкерлери үчүн жаңы имаратты ачышты.

Бир-эки сааттан кийин президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаров такыр башка аймакта жайгашкан дагы бир аэропорттун – Жалал-Абад облусундагы Кербен аэропортунун модернизациясын текшерип жатканын билдирди.

Видеого караганда, бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган Airbus H145 тик учагы. Тик учак былтыр декабрда сатылып алынган: анда президент аба транспорту куткаруу иштерине колдонуларын, бирок зарылчылыкка жараша жеке каттамдар үчүн ижарага берилерин айткан. Алдын ала маалымат боюнча, тик учактын баасы 9,7 миллион долларды түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12961