Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча улуттук курама команда 2-орунду ээледи
RU

Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча улуттук курама команда 2-орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер жыйнтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты. Курама команда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдынды мелдешке катышышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12964