Талгатбек Абдыкадыров: гепатит жуктурганын билбей жүрө беришет
RU

Талгатбек Абдыкадыров: гепатит жуктурганын билбей жүрө беришет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боор - организм үчүн фильтрдин кызматын аткарат. Зыяндуу заттардын баары бул жерде тазалангандыктан, өтө аялуу орган болуп саналат. Боор жана ага байланыштуу оорулар тууралуу жалпы хирург Талгатбек Абдыкадыров менен маектештик. 

- Боор эмне кызмат аткарат?

- Боор организмдеги эң чоң орган. Негизги функцияларынын бири - канды тазалоо жана организмге керектүү заттарды синтездөө болуп саналат. 

- Боор өз функциясын жакшы аткарыш үчүн, эмнелерди жасоо керек?

- Боор эң негизги органдардын бири болгондуктан ага жакшылап кам көрүшүбүз керек. Боор организмди тазалап турат, демек, жеген нерселерибизге көңүл бурушубуз зарыл. Алкоголь, биз ичкен дарынын баары боордо тазаланат. Андыктан, дени сак жашоого умутулууну сунуштайм. Химиялык кошулмары бар азыктарды дагы аз жегенге аракет кылуу абзел. 

- Анда, кандай тамактарды жебеш керек?

- Куурулган, өтө туздуу, өтө ачуу, маринаддалган (уксус менен) тамактар, тамакка кошула турган боектер, консерванттар ж.б. баары боорго басым келтирет. Мүмкүн болушунча буларды азыраак колдонууну сунуштайм. 

- Боордун ооруганы билинбейт дейт, бул канчалык деңгээлде чын?

- Көйгөйлөр баары бир билинет. Такыр оорутпайт дегенден алысмын. Гепатит А болсо, боор оорутат, дене саргаят. Ал эми гепатиттин калган түрлөрүндө боор оорутпайт, бирок кичине болсо дагы оң кабырганын алды оорлошот. Боор циррозго өтүп кеткенде гана дене саргаят. Ошон үчүн жыл сайын бир текшерилип туруу керек.

- Боор өзүн-өзү калыбына келтире алабы?

- Ооба, калыбына келтире алат, бирок деген нерсе бар. Боор жабыркаса толугу менен жабыркайт. Мынча пайызы иштейт, мынчасы жабыркады деген нерсе жок. Калыбына келиши деген, хирургиялык жол менен канча бир бөлүгүн алып салса, калган бөлүгү жакшы иштесе, калыбына келет. Мисалы, 40 пайызы калса, толугу менен калыбына келет.

 - Боор кандай учурда алмаштырылат?

- Боордун айыкпас оорулары бар - боор рагы, боордун курт оорулары, цирроз ж.б. дегендей. Ошол учурда операция жолу менен алып, донордун боорунун жарымын жайгаштырышат. Бирок, азырынча бизде бул операция жасалбайт.

- Цирроз эмне болгон оору?

- Цирроз - боордун катып калышы. Себебине токтолсок, 80 пайыз учурда вирустук гепатиттен болот. Адам жуктургандан кийин билбей, дарыланбай жүрө берсе, боорду катытат. Калган 20 пайыз учурда зыяндуу заттар менен уулануудан болот. Андан тышкары, туубаса, аутоиммундук оорулардан да пайда болот. Кыскасы, 100дөн ашык оору боорду циррозго алып келет. Цирроз айыкпас оору, убактылуу жеңилдетип турса болот, бирок бара-бара боорду алмаштыруу керек. 

- Боор оорулары тукум кууйбу?

- Тукум кууйт, бирок андай оорулардын саны аз. Көбүнчө кийин пайда болот. 

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12969