Астананы коюу түтүн каптады
RU

Астананы коюу түтүн каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Астананын Коомдук саламаттыкты сактоо департаменти борбор калаанын тургундарына зарылчылык болбосо сыртка чыкпоо өтүнүчү менен кайрылды деп билдирет Tengrinews.kz.

"Коргалжын автожолу менен Косшага карай айланма жолдун ортосунда куурап калган жыгачтардын күйгөндүгүнө байланыштуу Астананы кара түтүн каптады.

Буга байланыштуу шаардык саламаттыкты сактоо департаменти тургундарды ашыкча сыртка чыкпоого, батирлердин терезелерин жаап, көчөдө жүргөндө беткап тагынууга чакырат. Бул сунуштар биринчи кезекте дем алуу органдарынын оорулары бар адамдарга тиешелүү", - деп айтылган маалыматта.

Өрт өчүрүүчүлөр болжол менен 15 гектар аянттагы өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатканы белгиленди. Өрттү өчүрүүгө 140 адам жана 40ка жакын техника тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12981