ИИМ: Аттестат тапшыруу күндөрү бүтүрүүчүлөрдүн көңүл ачуусуна бөгөт коюлат
RU

ИИМ: Аттестат тапшыруу күндөрү бүтүрүүчүлөрдүн көңүл ачуусуна бөгөт коюлат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшыруу учурунда коомдук тартип камсыздаларын маалымдайт.

21-23-июнь күндөрү республика аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат. Өлкө ичинде орун алган жалпы билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда, көчөлөрдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Жалпы республика боюнча 5000 миңдей милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого тартылат.

Бул күндөрү коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жылпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат. Көрүлүп жаткан чаралар бүтүрүүчүлөрдүн ар кандай терс көрүнүштөргө аралашуусун, жол кырсыктарына дуушар болуусун алдын алууга багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12983