Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев отставкага кетти
RU

Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев отставкага кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кабыл Абдалиев КРдин Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан кетти. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына МСКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Басма сөз берген маалыматка ылайык, анын ордуна Илияз Иманбетов дайындалды. Буга чейин ал ЕАЭСтин алкагында кыйыр салык менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Абдалиев өз каалоосу менен отсавкага кетти.

Белгилей кетсек, Абдалиев бул кызматка 2021-жылдын 1-апрелинде Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1298