Айзаданын өлүмүнө байланыштүү өткөн митингге "ЛГБТ жана НПОго каршылар" тоскоол болушту
RU

Айзаданын өлүмүнө байланыштүү өткөн митингге "ЛГБТ жана НПОго каршылар" тоскоол болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-апрелде ИИМдин жанында уурдалып анан өлтүрүлгөн Айзадан Канатбековага байланыштуу экинчи митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучулары ИИМдин башчысынын отставкасын талап кылышууда. Бирок, алардын ураандары угулбай жатат, анткени имараттын өзүндө курулуш иштери өтүүдө. Уюштуруучулардын пикири боюнча, бул атайын жасалып жатат.

Андан тышкары митингди 100гө чукул спорттук келбеттеги жигиттер үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Бул бүгүн өто турган ЛГБТ жана НПОлорго каршы митингдин катышуучулары болушу мүмкүн. Алар бүгүнкүдөй митингдерге каршы экендигин билдиришкен болчу. Жаш жигиттердин маанайы агрессивдүү.

Милиция аларды четке сүрүп чыгарды. Бардыгы Эркиндик бульварынын жанына чогулуп турушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1299