Call-борбор: Жарнама тактасы шамалга термелип, кулайын деп турат
RU

Call-борбор: Жарнама тактасы шамалга термелип, кулайын деп турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарнама илинген мамы шамалда кулайын деп турат. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясынын Call-борборуна шаар тургуну кабарлады.

Анын айтымында, Жеңиш проспектиси №16 дарегинде жайгашкан тамактануучу жайдын жанында жарнамалык такта кураганы турат. Жергиликтүү жашоочу унаа же кишилердин үстүнө качан кулап калат деп кооптонууда.

"Аламүдүн-1деги Жеңиш проспектиси №16 дарегиндеги шашлычныйдын жанында жарнамалык такта бар. Буроолору араң кармап турат, качан бирөөнүн үстүнө кулайт деп күтүп отура беришибиз керекпи?", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13000