Кайрат Примбердиев саясатчыларды популизмден алыс болууга чакырды
RU

Кайрат Примбердиев саясатчыларды популизмден алыс болууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги фонограмма менен ырдаган ырчыларга 10 миң сом жана 28 миң сомго чейин айып пул салууну сунуштады. Министрликтин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Kaktus.kg сайтына жеке пикирин билдирди. Ырчы фонограммага тыюу салууну колдой турганын айтат.

"Фонограмма менен ырдагандарга салынуучу айып пулдун өлчөмү боюнча айта албайм. Биздин чыгармачыл жамаатта ар кандай капчыктагылар бар. Бирине оор, бирине жеңил болушу мүмкүн. Бирок бир нерсени тыюу, айып пул салуулар аркылуу жеңе албай турганын биздин бийлик түшүнбөй койду. Эгерде оңолууну каалап жатса, биринчиден шарт түзүп, андан кийин үйрөтүү керек. Оңой жолун көрсөтүшү зарыл.

Фонограммага тыюу салынып, бардык ырчылар ырдабай калды деп жатасыздарбы.

Жок дегенде мамлекеттик концерттик залдарда шарт болсо болмок. Бул жерде комплекстүү иштер аткрылышы керек. "Ай болбойт, алып салыш керек, ыргытып салыш керек!" деген бул популизм. Иш жүзүндө кылбай эле, катуу кыйкырып койгон популизм. Азыр Жогорку Кеңеште жалаң популисттер отурат. Популизмден саясатчылар алыс болсо, ал эми биздин эл популисттерди ылгай билсе жакшы болмок", - деди ырчы.

Белгилесек, ушул жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13014