Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү тууралуу үн катты
RU

Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү жана той тууралуу үн катты. Ал "Музыка" телеканалынын эфиринде жигити чыгармачылыктан алыс адам экенин айтат.

"Жигитим чыгармачылыктан алыс, бирок бул тармакты түшүнөт. Буга чейинки окуядан кийин элге чыгаруудан коркуп калгам. Жигитимди социалдык баракчама чыгарганымдын себеби - менде баары жакшы экенин билсин дегеним. Ал эми той тууралуу өзүм деле билбейм, балким быйыл, балким кийинки жылы болуп калышы мүмкүн", - деген.

Ырчы мурдагы жигити менен сөйкө салгандан кийин эки жолго түшкөн. Учурда ал мырза менен да, үй-бүлө мүчөлөрү менен да мамилеси абдан жакшы экенин кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13017