Нурланбек Шакиев: "Эдил Байсалов боюнча чечим бар" (видео)
RU

Нурланбек Шакиев: "Эдил Байсалов боюнча чечим бар" (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов боюнча чечим бар экенин айтты.

Парламенттин бүгүн, 22-июндагы жыйынында депутаттар Байсаловдун айткандарына нааразычылыгын билдирип, жоопко тартуу керектигин белгилешти. Төрага бул маселе кайсы бир деңгээлде чечилгенин билдирди.

"Урматтуу депутаттар, Эдил Байсалов боюнча кечээ да, бүгүн да айтылып жатат. Ал кишинин кадыр-баркын көтөрө берүүнүн кереги жок. Байсалов боюнча чечим бар. Мен министрлер кабинетинин төрагасы менен да, президент менен да сүйлөштүм. Бул маселе кайсы бир деңгээлде чечилген. Ошондуктан өтө эле трагедиялаштырып, Байсаловдун кадыр-баркын көтөрүүнүн кереги жок деп ойлойм. Бүгүн түштөн кийин бул маселе күн тартибине кирет. Кайра кайрылуунун кереги жок", - деди Шакиев.

Ал эми Kaktus.media сайты Эдил Байсаловго кайрылганда, ал комментарий бербей турганын билдирди.

Эске салсак, Байсалов 20-июнда Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө экенин айткан.

Эртеси күнү депутаттар Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13024