Президент Кыргызстандын Израилдеги элчисин дайындады
RU

Президент Кыргызстандын Израилдеги элчисин дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Маалыматты бүгүн, 22-июнда президенттин администрациясынан билдиришти.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев учурдагы ишин айкалыштыруу менен Израиль мамлекетиндеги элчиси болду.

Белгилей кетсек, Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, 2022-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Ошол эле жылы ноябрь айында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13040