Ак үйдүн алдына Адахан Мадумаровдун шайлоочулары чогулду. Видео
RU

Ак үйдүн алдына Адахан Мадумаровдун шайлоочулары чогулду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Адахан Мадумаровдун тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын жанына нааразычылык акцияга чыгышты.

"Бүтүн Кыргызстан" лидеринин шайлоочулары Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууну көздөгөн кылмыш ишин негизсиз деп эсептешет.

Эске салсак, бүгүн, 22-инда Парламент жабык эшик артында депутат Адахан Мадумаровго карата кылмыш ишин козгоо маселесин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кылмыш ишин козгоо болуп жатат. Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке сунуш киргизген, Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же бербөөнү комиссия чечиши керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13042