Бишкек шаарында мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду
RU

Бишкек шаарында мыкты бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар мыкты бүтүрүүчүлөргө тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаа боюнча 55 бүтүрүүчүгө "Алтын тамга" артыкчылык сертификат жана кызыл күбөлүктөрдү ыйгарды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров артыкчылык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине муниципалитеттин ыраазычылык каттарын да берди.

"Алтын тамга" бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, шаардык, республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары бар.

Белгилей кетсек, "Алтын тамганы" республика боюнча 167 окуучу кабыл алса, анын 55и Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин окуучулары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13059