Бишкек-Ош жолунда цистерна күйдү. Автокырсыктын чоо-жайы (видео)
RU

Бишкек-Ош жолунда цистерна күйдү. Автокырсыктын чоо-жайы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Ош унаа жолунда күйүп жаткан бензовоздун видеосу менен бөлүшүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май ташыган унаа каршы тилкеге ​​чыгып, минивенди сүзгөн.

Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат берип, жабыркагандар жок экенин билдирди.

Жүк ташуучу унаа түндүктү көздөй бара жатып, жолдун 93-чакырымында каршы тилкеге чыккан. Күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы ажырап, Honda StepWGN унаасын сүзгөн. Болгону цистерна ккүйүп кеткен, жүк ташуучу унаанын өзү, айдап бара жаткан айдоочу жабыркаган эмес.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13067