Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровго "Раим Миллион камалат" деген убадасын эскертти
RU

Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровго "Раим Миллион камалат" деген убадасын эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-айыл-чарба министри, 2020-жылкы октябрдагы митингдердин катышуучусу Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровго Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матримовду отургузам, деп элге берген убадасын эскертти.

Өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу ал октябрь революциясы өз максатына жетпегендигин билдирген.

"Баары текке кетти. Коррупционерлер, бандиттер кайра жаңы бийлик менен биригип элдин канын соргонун улантышмай болушту. Кайраттуу бол эми, кыргызым!" - деп Токтогазиев жазган.

Ошондой эле, ал Садыр Жапаровдун берген убадасын цитата кылып келтирди: "Мен толук кандуу ишке кирише элекмин, толук киришкенде Раим Миллион камалат."

Анын алдына экс-министр "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн!" - деп кошумчалаган.

Дагы бир постунда революцияны романтиктер баштап, фанатиктер ишке ашырып, акмактар (мерзавцы) анын үзүрүн көрүшөт, деп жазган.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду, деп жарыялаган. Анткени чекситтер анын чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлку бар экенин аныктай алышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1308