Россияда кыргыз-тажик мигранттарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Видео
RU

Россияда кыргыз-тажик мигранттарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-июнда Россиянын Иркутск облусундагы Ковыктынское кенинде Кыргызстан менен Тажикстандан барган 300дөй мигранттардын катышуусунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Baza Telegram каналы билдирди.

Болжолдуу түрдө чыр-чатак Кыргызстан менен Тажикстандын нөөмөт жумушчулары ашканадан тамак алуу үчүн кезек талашуудан келип чыккан.

Мушташтан кийин тогуз киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Полиция текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кен кызматкерлеринин бири Газета.ру басылмасына билдиргендей, массалык мушташтан кийин жумушчулардын бири башынан сынык алып, комага түшүп, экинчиси бычактан жаракат алган. Калгандары жеңил жаракат алышкан. "Менин билишимче, эч ким каза болгон жок", - деп кошумчалаган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13092