Бажы кызматкери жеке ишкерлерден акча опузалаганга шектелди. Видео
RU

Бажы кызматкери жеке ишкерлерден акча опузалаганга шектелди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери УКМК тарабынан кармалды. Ал опузалап акча алууга шектелүүдө дешет коопсуздук комитеттен.

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Автомобильный" Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж. уулу М. кармалды. Кызматкер бажылык тариздөө жайы аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш иши козголду.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13093