Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды
RU

Сейсмология институтунун жаңы имараты ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын сейсмикалык активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу сейсмикалык мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

"Жакында Түркия менен Сирияда жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган коркунучтуу жер титирөөлөргө бүт дүйнө күбө болду. Биздин өлкөдө күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр бир нече жолу болгон. Ошондуктан биз ар дайым даяр болушубуз керек", - деп белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Улуттук илимдер академиясына республика эгемендүүлүк алган жылдан бери бир дагы жаңы имарат курулган эмес, аны менен катар академиянын имараттарында олуттуу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

"Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар өлкөбүздүн жарандарынын жалпы жыргалчылыгы жана алардын коопсуздугу үчүн бириккен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем", – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жаңы имарат институттун штаб-квартирасы жана илимий борбору катары пайдаланылып, толук кандуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13099