Ырчы Гүлжигит Калыков менен жубайы үчүнчү ирет ата-эне болушту
RU

Ырчы Гүлжигит Калыков менен жубайы үчүнчү ирет ата-эне болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков менен жубайы Айпери Куржумбаеванын үйүндө толуктоо болду. Түгөйлөр үчүнчү ирет ата-эне болушту.

Ырчынын жубайы 26-июнда жарыкка уул баланы алып келди.

"Кубанычым койнума батпай турган кезим. Үчүнчү ирет ата болуп отурам. Жубайыма рахмат, эркек уулду болдук. Куттуктоолорго рахмат, "туулганына эмес, турганына сүйүн" деген кеп эске түштү. Эң негизгиси уулубуздун ден соолугу бекем болуп, элибизге кызмат кылган, ыймандуу жигит болсун деп тилек кылып жатам", - деп жазды ырчы социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин ырчы жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13109