Казакстандык оор атлетчи суицид жасады
RU

Казакстандык оор атлетчи суицид жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пекин-2008 Олимпиадасынын катышуучусу, оор атлетика боюнча Казакстан Республикасынын төрт жолку чемпиону Владимир Седов 35 жашында каза болгонун Zakon.kz жазды.

Владимир Седов Казакстандын төрт жолку чемпиону, 2009-жылдагы дүйнө чемпиону, 2009-жылы жана 2016-жылдагы Азия чемпиону наамдарына ээ. Ал мамлекет алдындагы сиңирген эмгеги үчүн "Курмет" ордени менен сыйланган.

2016-жылы жайында Эл аралык оор атлетика федерациясы 2008-жылкы Пекин Олимпиадасында спортчудан алынган эки допинг-тесттин жыйынтыгын билдирген. Үлгүдөн анаболикалык стероиддик Станозолол дарысы табылган.

Ал эми 2019-жылдын 4-декабрында IWF расмий түрдө казакстандык оор атлетчи Владимир Седовдун 2008-жылдан 2016-жылга чейинки бардык наамдарын жокко чыгарган.

Владимир Седов 26-июнда кечинде каза болгон.

"35 жаштагы оор атлетчинин жансыз денеси Каратал районунун Достык айылында жашаган жеринен табылды. Анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок. Туугандарынын көрсөтмөсү боюнча, спортчу өзүнө кол салган. Учурда суицид фактысы боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирген Жетисуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктан белгиленгендей, кылмыш иши райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13111