Акылбек Жапаров: "БААУ менен УИАнын кызматташтыгы жеке өнөктөштүктүн үлгүсү"
RU

Акылбек Жапаров: "БААУ менен УИАнын кызматташтыгы жеке өнөктөштүктүн үлгүсү"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июнда КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Өткөн жылдын башында Борбор Азиядагы Америкалык университети КРнын УИАнын Сейсмология институту үчүн жаңы административдик имарат куруп баштаган. Мындай жаңы имаратты куруу демилгеси БААУ менен УИАнын Сейсмология институтунун ортосунда 2018-жылы түзүлгөн консорциумдун алкагында ишке ашты. Долбоордун бюджети – 1,2 миллион АКШ долларын түзөт. Курулуш иштерин "Кармис" курулуш компаниясы ишке ашырды. Сейсмология институту өз карамагына штаб-квартира жана изилдөө борбору катары профилдик багыттагы 2 кабаттуу жертөлө кабаты бар жаңы имаратты өткөрүп алды.

Акылбек Жапаров иш-чаранын ачылышында өлкөбүздө сейсмологиялык изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алсак, соңку 150 жыл аралыгында биздин аймакта күчү 7 баллдан жогору чоң кыйроолорго алып келген 14 ири жер титирөөлөр катталган.

"Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолу жеке менчик компания Илимдер академиясы үчүн жаңы имарат куруп берди. БААУ менен КРнын УИАнын кызматташтыгы эффективдүү коммерциялык эмес мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болуп саналат. Кыргызстандын башка уюмдары да ушул сыяктуу жол тутат деген үмүттөмүн. БААУ менен Сейсмология институтунун кызматташтыгы институттун сейсмикалык активдүүлүктөрдү изилдөө тармагындагы изилдөөчүлүк иштерин жаңы деңгээлге чыгарат жана Кыргызстандын эле эмес, дегеле Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорго негиз салат деп ишенем",- деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Иш-чаранын коноктору менен БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин башчысы Дэвид Лахдир да жылуу учурашты. Ал өз сөзүндө 1968-жылы ата-энеси менен Ташкентте болуп, жер титирөөдөн абдан таасирленгенин айтты. Эске салсак, ошол мезгилде шаар 2 жыл мурда орун алган чоң кыйроолорго алып келген ири жер титирөөдөн кийин калыбына келип жаткан болчу.

"Сейсмология институту жана БААУ абдан маанилүү максатты тең бөлүшүшүүдө: изилдөөлөрдү Кыргызстандын, кыргыз элинин жана аймактын башка элдеринин жыргалчылыгы үчүн жайылтуу. Бүгүнкү жаңы имараттын ачылышы Сейсмология институту менен жеке менчик окуу жайдын кызматташтыгынын жаңы барагынын ачылышы болот деген үмүттөмүн. Биз университеттин кызматкерлери биргеликте дагы көп жылдар бою чоң максаттарды ишке ашырабыз деп ишенебиз. Мен КРнын президентине жана өкмөтүнө, Улуттук илимдер академиясына, ошондой эле "Кармис" курулуш компаниясына жана бардык куруучуларга чынында сонун имаратты куруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер өз ишиңиздерди мыкты аткарыпсыздар. Биз абдан ыраазыбыз!", - деп билдирди Д.Лахдир.

Жаңы имараттын лентасы кесилгенден кийин коноктор үчүн экскурсия уюштурулду. Анын жыйынтыгында имараттын чыгыш тарабындагы короого Акылбек Жапаров, Дэвид Лахдир, Джонатан Бекер, Чынгыз Шамшиев карагай отургузушту.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу наамдарын тапшыруу орун алды.

КРнын УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов өз сөзүндө Сейсмология институтунун жаңы имаратынын ачылышынын мааниси чынында абдан терең экендигин белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын билим жана илиминин өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымдары үчүн КРнын Улуттук илимдер академиясынын президумунун чечими менен БААУнун жетекчилерине төмөнкү ардак наамдары ыйгарылды:

  • БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин Төрагасы Дэвид Лахдирге – КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги наамы;
  • БААУнун президенти Джонатан Бекерге – КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору наамы;
  • БААУнун вице-президенти, Башкы аткаруучу директоору Чыңгыз Шамшиевге – КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу доктору наамы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13119