"Адамдын укугу деген да бар да". Ташиев Матраимовдун бошотулушу боюнча комментарий берди
RU

"Адамдын укугу деген да бар да". Ташиев Матраимовдун бошотулушу боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюу факытсы боюнча козголгон кылмыш ишинин токтотулушу боюнча "Азаттыкка" интервью берди.

Ал "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсүнөн кийин УКМКга карата сын пикирлер айтылганын айтып, Райымбек Матраимов чет өлкөгө качып кетпөөсү үчүн аны камакка алганын билдирди. Бирок, чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн кайрылууларга жооптор келип, Матраимовдун атына же анын жакындарына катталган мүлк жок деген жооптор келген. Ошондон кийин аны кое бергенге аргасыз болдук, деди Ташиев.

"Эми адамдын укугу деген да бар да. Биз адамды жөн эле камакта кармаганыбыз үчүн да эртең жооп беришибиз керек. Ошондой запросторду жөнөткөнүбүздө кайсы бир мамлекеттерден бизге оң жооп келип калганда, биз сөзсүз түрдө ошол жака кызматкерлерибизди жөнөтүп, ошонун тегерегинде ал адамды жоопко тартсак болмок. Бүгүнкү күндө аны жоопко тартууга эч кандай негиз жок болгондуктан, аны кое берүүгө мажбур болдук", - деди УКМКнын төрагасы.

Журналисттин "Чет мамлекетте мүлкү жок дегенге өзүңуз ишенесизби?" - деген суроосуна "Мен документтерге гана ишенем. Бизге расмий түрдө бардык мамлекеттерден жооптор келип түштү. Акыркы жооп, бир жума болуп калды, Дубайдан келип түштү", -деп жооп берди.

Андан тышкары Ташиев Бажы тармагында 40тай киши суракка алынып, анын ичинен 15ке чукулу акча төлөп чыгышты. 5 млн, 20, 50 млн төлөгөнү бар. Күнөөлөрү такталган деңгээлде акча төлөп чыгышты, деп айтып берди.

Эске салсак, Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду, деп жарыялаган. Анткени чекситтер анын чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлкү бар экенин аныктай алышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1311