Путин Россия бийлиги "Вагнерчилерди" каржылоого жылына 86 миллиард рубль жумшаганын айтты
RU

Путин Россия бийлиги "Вагнерчилерди" каржылоого жылына 86 миллиард рубль жумшаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин аскерлер менен жолугушууда Россия Федерациясынын бийлиги "Вагнер" жеке аскердик тобунун ишмердүүлүгүн "толук" каржылаганын айтты, деп билдирет Интерфакс.

Путиндин айтымында, бүтүндөй топту "2022-жылдын майынан 2023-жылдын майына чейин гана" тейлөө үчүн мамлекеттик бюджетке 86,3 миллиард рубль чыгым келтирилген. Бул суммага жалданма аскердерди багуу үчүн каражаттар, ошондой эле кызыктыруучу жана камсыздандыруу төлөмдөрү кирген. Интерфакс билдиргендей, Путин ошондой эле мамлекет жалданма аскерлерге камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн дагы 110 миллиард рубль бөлгөнүн айтты.

Кошумчалай кетсек, Путин "Вагнерчилердин" жетекчиси бул мезгилде "Воэнторг" аркылуу россиялык аскерлерди азык-түлүк менен камсыздап, "мамлекеттен 80 миллиард рубль киреше тапканын" белгиледи.

"Вагнерчилерди" тейлөө толугу менен мамлекет тарабынан колго алынган жана бул бүтүндөй топтун бир бөлүгү - Конкорд компаниясы - ошол эле учурда 80 миллиард рубль тапкан. Бул иштердин жүрүшүндө эч ким эч нерсе уурдаган эмес деп үмүттөнөм. Аз уурдаган болсо да биз мунун баары менен күрөшөбүз", - деп кошумчалады Россиянын президенти.

Буга чейин 23-июндан 24-июнга караган түнү "Вагнер" жеке аскердик тобунун жетекчиси Евгений Пригожин "Акыйкаттык маршын" баштап, Москвага аскер колоннасын жөнөткөн. Андан соң Владимир Путин кайрылуу жасап, жалданма аскерлердин аракетин "артка сайылган бычак" деп атап, ФСБ куралдуу козголоң фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

24-июнда түн ортосуна жакын Пригожин колонналарды артка кайтарууга буйрук бергенин жарыялады. Ал арада Беларусь президентинин басма сөз кызматы Александр Лукашенко менен жалданма аскердик топтун жетекчисинин "бир күн бою созулган" ийгиликтүү сүйлөшүүлөрү тууралуу кабарлады.

Кийинчерээк Кремль Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, ал Беларуска кете турганын билдирген. Ал эми бийликтер козголоңго катышкан вагнерчилердин артынан түшпөйт деген.

Бирок Пригожинге карата иш токтотулбаганы жана вагнерчилер камалып жатканы айтылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13121