Мектеп окуучуларынын массалык мушташы видеого тартылып соцтармактарга жайылып кеткен
RU

Мектеп окуучуларынын массалык мушташы видеого тартылып соцтармактарга жайылып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кара-Бак айылынын мектеп окуучулары мушташып кеткен. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Баткен облусунун ИИБси тастыктады.

ИИБ тактагандай, мушташуу фактысы КЖБРге катталган. Тагыраак маалыматты ведомство кийинчерээк берүүнү убада кылышты.

Соцтармактын колдонуучу Санжар Калматайдын айтымына караганда, массалык мушташ 8- жана 10-класстын окуучуларынын ортосунда болгон. Үч окуучу травма алып ооруканада жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1312