Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды
RU

Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун аймагында мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, аынын алкагында мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды. Бул туурасында УКМКнын берген маалыматында айтылат.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, "Кадастр" мекемесинин, ӨКМнын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Муфтияттын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Муфтияттын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган.

Райондор жана шаарлар боюнча:

  • Сузак - 33;
  • Базар-Коргон - 2;
  • Ноокен - 5;
  • Аксы - 3;
  • Чаткал - 5;
  • Токтогул - 1;
  • Тогуз-Торо - 7;
  • Жалал-Абад - 3;
  • Майлуу-Суу - 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.

Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, Муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13140