Айт намазга бара жаткан киши ымыркайдын сөөгүн тапкан
RU

Айт намазга бара жаткан киши ымыркайдын сөөгүн тапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районунда мечитке бара жаткан киши ымыркайдын сөөгүн таап алган. Маалыматты Kaktus.media сайтына Ош ОИИБден ырасташты.

28-июнда саат 09:30да Араван РИИБине С.Юсупов айыл аймагына жакын жердеги талаадан наристенин сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.

Териштирүү учурунда аталган айыл аймактын 59 жаштагы тургуну айт намазына баратып, үйүнөн анча алыс эмес жерден иттердин топтолгонун көргөн. Ал жакын барганда жаңы төрөлгөн баланын денесин көргөн. Жергиликтүү тургун наристени мечитке ала барып, ошол жактан милицияга кабар берген.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынган. Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканын айтышты милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: elements.envato.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13145