Асман шаарынын курулушуна капсула салынды
RU

Асман шаарынын курулушуна капсула салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземи болду.

Конокторго Асман шаарынын долбоору 3D форматында меймандарга көрсөтүлдү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Эдил Байсалов, ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев, легендарлуу парламенттин депутаттары, Равшан Сабиров, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана башкалар катышууда.

Келечектин шаарын курууга Индиядан жумушчулар келген, аларга казарман даярдалган.

Бүгүнкү иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000ден ашык милиция кызматкери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда дешет ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13159