Маршруткалардын айдоочулары Орозо учурунда кардарларды акысыз ташып жатышат
RU

Маршруткалардын айдоочулары Орозо учурунда кардарларды акысыз ташып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында №107 маршруттук таксинин айдоочулары Орозо айында кардарларын бекер ташууну чечишкен.

"Бул бир эле айдоочу эмес, бир линиянын бардык шопурлары айдын аягына чейин өз эсебинен кардарларды ташышат. Бул акция биринчи жолу жасалып жаткан жок, жыл сайын эле өткөрүлөт", - деп айдоочулар айтып беришти.

Демилгени шопурлар өздөрү көтөрүп чыгышкан. Майды айдын аягына чейин өз эсебинен сатып алышат.

"Ушул маршрут жүргүнчүлөрдү акысыз ташыганын билген эмесмин. Аябай сүйүнүп калдым. Жасап жаткан иштери ийгиликтүү болсун. Бала-чакасына ден-соолук каалайм. Рахмат", - дейт жүргүнчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1316