Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кеңешме: Жалал-Абадда 7 адам жоопкерчиликке тартылды
RU

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кеңешме: Жалал-Абадда 7 адам жоопкерчиликке тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын демилгеси менен облустук прокуратуранын экологияны коргоо маселеси боюнча координациялык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынан маалымдашты.

Жыйындын күн тартибинде:

  • Жалал-Абад облусунун аймагында айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдуулуктун абалы;
  • кен байлыктарды казуу менен алек болгон фирмалар тарабынан айлана чөйрөгө келтирип жаткан зыяны;
  • токой фондунун жер аянттарын коргоо;
  • кен байлыктарды казып алуунун кесепетинде бузулган жерлерди калыбына келтирүү (рекультивация) иштеринин аткарылышынын абалы;
  • укук коргоо, контролдоочу, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бул багыттагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү маселелери каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан 2023-жылдын 5 айында айлана чөйрөнү коргоо багыты боюнча жалпы 25 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 54 мыйзам бузуучулар аныкталып, аларды четтетүү жөнүндө 15 сунуштама, 10 талап жана 6 доо арыз келтирилген.

"Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен 7 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин пайдасына 3 438 135 сом өндүрүлгөн жана 5 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Облустун прокуратурасы тарабынан бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13170