Дарыгерлер жашоого үмүт жандырышат. Президенттин куттуктоосу
RU

Дарыгерлер жашоого үмүт жандырышат. Президенттин куттуктоосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал ак халатчандарга ыраазычылыгын айтты.

"Мамлекеттин эң негизги байлыгы – эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күнү-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү үчүн күрөшүп келе жатасыздар. Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүтүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", – деди президент.

Ал мамлекет социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багытынын өзөгү катары карай турганын белгиледи.

"Акыркы жылдары республикалык бюджеттин, эл аралык фондулардын, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек. Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук системаны толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт", – деди Жапаров.

Ал ошондой эле ооруканаларды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматын көрсөтүүгө жетиштүү инвестиция салуу – бийликтин башкы максаты экенин кошумчалап, медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13195