Уу коргошундан өлүмдөр катталса жоопкерчилик кимде болот? Министрдин жообу
RU

Уу коргошундан өлүмдөр катталса жоопкерчилик кимде болот? Министрдин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун менен коронавирусту дарылоо боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү. Баса белгилеп кетебиз, бул өтө уулу зат. Аны ичкен адам беш мүнөттүн ичинде каза болот.

Журналисттердин "Эгер уу коргошундан адам өлүмдөрү катталса, ким жооп берет?" - деген суроосуна министр төмөнкүдөй жооп берди:

Уу коргошун менен биздин ата-бабаларыбыз канча кылымдан бери дарыланып келишкен. Бул жаңы препарат эмес. Ысык-Көл, Нарын облусунда айрым адамдар дарылык максатта колдонуп келишкен. Биз ошону дарыгерлерге берип жатабыз.

Даргерлерге гана берилет. Жоопкерчилик да дарыгерлерде, анткени муздак ичип алса, беш мүнөттүн ичинде адам өлөт. Аны ичкенден кийин артынан муздак суу ичсе же бал муздак жесе да өлөт. Эгер ооруканадан, бардык көрсөтмөлөрдү аткаргандан кийин өлсө, анда алам. Эгер үйдө отуруп, өзү ичип каза болсо, анда жоопкерчилик саткан адамдарда болот.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнун социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер оорунун баштапкы стадиясында бир-эки күн мурун дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.

Малымкат. Уу коргошун, Кыргызстанда "ысык-көл тамыры" катары белгилүү. Бул өтө уулу өсүмдүк. Аны жеген мал өлөт. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, муунат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1319