Ошто балдар жана карылар үйүндө өрт чыкты
RU

Ошто балдар жана карылар үйүндө өрт чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы "Боорукердик" үйүндө өрт чыкты. ӨКМнын маалыматына караганда, жабыркагандар жок.

Такталгандай, Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын Фергана көчөсүндөгү имараттан 2-июль күнү саат 19:36да өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:50дө чектөөгө алынган өрт саат 21:11де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон Ош шаардык "Боорукердик" үйүнүн 198 чарчы метр аянты, 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13202