Ошто жергиликтүү тургундан ай сайын 15 миң сом берүүсүн талап кылгандар кармалды
RU

Ошто жергиликтүү тургундан ай сайын 15 миң сом берүүсүн талап кылгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто жергиликтүү тургундан акча талап кылган жарандар кармалды. Алар кылмыштуу топтун мүчөлөрү дейт УКМКнын маалымат кызматынан.

Билдирүүдө айтылгандай, 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунун физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуп, андан 30 миң сом акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сомдон төлөп турууну талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча тергөө иштеринин алкагында 29-июнда жогорудагы жарандар кармалды. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда дешет коопсуздук комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13203