Чүйдөгү энергияны такыр колдонбогон үй: Экологиялык келечек үчүн инновациялык чечимдер
RU

Чүйдөгү энергияны такыр колдонбогон үй: Экологиялык келечек үчүн инновациялык чечимдер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инновациялык экоүй

Кыргызстандын Чүй облусу өзүнүн кооз жаратылышы жана көздүн жоосун алган пейзаждары менен белгилүү. Бул облустагы Лебединовка айылынын тургуну Алмаз Бараталиев айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошууну чечкен. Алмаз ар кандай инновациялык чечимдерди киргизип, чакан жерге энергияны такыр керектебеген үй курган.

Алмаз өз маегинде буларды айтып берди: "Биз бул жерди 2015-жылы эски үй менен кошо сатып алганбыз. Аны жарым-жартылай бузуп, жаңы үй курууну чечкенбиз. Каркасын коюп, ошонун негизинде экинчи кабатын тургузганбыз. Күн бою жарык тийип тургандай кылып пландаштырганбыз. Үйдү куруп жатканда айрым бир инновацияларды киргизгенбиз".

Күн энергиясы: Альтернативалык булактардан жылытуу жана электр энергиясы

Энергияны үнөмдөгөн үйдүн негизги элементтеринин бири – үйдү жылытуу үчүн күн энергиясы колдонулат. Алмаз үй тиричилигинде керектөө үчүн электр энергиясын камсыз кылган күн панелдерин орноткон. Үйдүн чатырында сууну жылытуу үчүн колдонулган суу коллектору бар. Электр жарыгы өчүп калса, үйдөгүлөрдүн ыңгайлуу жашоосун камсыз кылып, үйдө ар дайым 350 литр ысык суу сакталып турат.

Алмаз планетанын азыркы ресурстары чексиз болбогонун, альтернативалык энергия булактарына өтүүнү кийинкиге калтырбаш керектигин баамдап турат. Бул өзгөчө климат тез өзгөрүп жаткан шартта актуалдуу маселеге айланды. Дүйнөнүн башка аймактарындагыдай эле Кыргызстанда да ушул кылымдын аягында аба табы олуттуу түрдө көтөрүлөт деп күтүлүүдө. "Жаратылыш түбөлүктүү эмес да, ресурстар түгөнүп баратат, алар чексиз эмес, ошондуктан биз альтернативалык энергияга өтө баштадык", – деп белгиледи Алмаз.

Экологиялык канализация: Дренаждарды тазалап, сууну кайрадан пайдалануу

Бирок, альтернативалык энергия булактарын колдонуу Алмаздын экологиялык туруктуулукка кошкон жалгыз салымы эмес. Анын үйү экологиялык канализация менен жабдылган, ал дренаждарды тазалап, сууну кайра колдонууга мүмкүндүк берет. "Жуунучу жайдан, дааратканадан, ашканадан чыккан суунун баары бочкага чогулат. Алардын ар биринде сууну тазалаган, аэробдук бактериялар жашаган аэратор-аралаштыргыч орнотулган. Андан кийин суу экинчи бочкага куюлат. Жазында сугат убагында биз бул сууну чарбакты жана бакчаны сугаруу үчүн пайдаланабыз", – деди Алмаз.

Экоүй: үй-бүлөлөр жана жамааттар үчүн жашыл чечим

Алмаздын туруктуу үйгө умтулуусу айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтып гана тим болбостон, ошону менен бирге башкаларга да үлгү болууда. Анын энергияны үнөмдөгөн үйү инновациялык технологиялардын жана күч-аракет менен ар бир адам климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана жаратылыш ресурстарын сактоого салым кошо аларын көрсөтүп турат.

Туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого болгон муктаждыктын өсүшү менен Алмаздын үйү сыяктуу экологиялык үйлөр барган сайын популярдуу болууда. Алар салттуу энергия булактарына болгон көз карандылыкты азайтып, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана ресурстарды үнөмдөөгө көмөктөшөт. Мындай жашыл чечимдер бир үй-бүлөнү гана эмес, бүтүндөй жамааттарды да өзгөртүп, баарыбыз үчүн туруктуу келечекти түзүү дараметине ээ.

#ЭкоЖаша

"Курама Стори Лаб" коомдук фонду "ЭкоЖаша" маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. "Курама Стори Лаб" буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуу үчүн жөнөкөй кадамдарды жасаш керек:

  • Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;
  • #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;
  • Профилиңиз ачык болушу керек.

"ЭкоЖаша" долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. "Адам табиятты изилдеп, аны багындыра алды" деп ойлогон күндө да, биз жаратылыштан абдан көз карандыбыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Бирок жашаган жерибизде, кадыресе жашоодо да оң жылыштарга жетүүгө болот. Чакан иштер деле жаратылыштын абалын жана планетадагы жашообузду жакшыртууга салым кошо алат. Анда эмесе, чоң жана мээримин аябаган үйүбүз – планета үчүн жакшы иштерди чогуу жасап көрбөйлүбү!

"Курама Стори Лабдын" социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13207