Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө үч айга узартылды
RU

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөө үч айга узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдады.

Чектөө 1-октябрга чейин узартылды.

Мурдагы чектөө 1-июлга чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынды.

Бишкектин кайсыл жерлеринде митингге чыгууга болбойт?

  • "Ала-Тоо" борбордук аянты;
  • Эркиндик бульвары - темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
  • Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанына;
  • Панфилов паркы;
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бак;
  • Жогорку Соттун алды;
  • Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алды;
  • УКМКнын имаратынын жанында.

Эске салсак, ар кыл нааразычылык акцияларды, митингдерди Горький сейил багында эле өткөрүүгө уруксат берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13215