"Көңүлүбүз калды" АКШ элчилиги Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча пикирин билдирди
RU

"Көңүлүбүз калды" АКШ элчилиги Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча пикирин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ элчилигинин кылмыш криминалдык төбөл Райымбек Матраимовду бошотуу тууралуу билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттары уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Райымбек Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин билдирет. АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Матраимовду Кыргыз Республикасынан кеминде 700 миллион доллар адалдоо, коррупциялык бажы схемасына катышкандыгы үчүн Магнитский тизмесине киргизилип, жана визалык санкцияларга кабылгандыгын белгилей кетмекчибиз.

Кыргыз Республикасы бул каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия төлөө сыяктуу маанилүү багыттарга жумшай алмак. Америка Кошмо Штаттары Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин улантууда.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча АКШ менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосундагы кызматташтык улантылууда. Матраимовго байланыштуу айтыла турган болсо, биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте Матраимовго таандык Казыналыктын Тышкы активдерди контролдоо бөлүмүнүн талаптарына ылайык тоңдурулуп калышы мүмкүн болгон мүлктү жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз.

2019-жылы АКШ тарабынан Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү коррупциялашкан акчасын кайтарып берүү АКШнын коррупцияга каршы күрөшүү жана уурдалган мүлктү кыргыз элине кайтарып берүү боюнча милдеттенмесинин далили болуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1321