"Салык чек" лотереясынын биринчи этабындагы ID-номерлер жокко чыгарылды
RU

"Салык чек" лотереясынын биринчи этабындагы ID-номерлер жокко чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын катышуучуларынын ID-номерлери жокко чыгарылды. Бул туурасында Салык кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды.

Лотереянын 2-этабына катышуу үчүн ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Утуштун 2-туруна 2023-жылдын 1-июлунан 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катыша алат.

Белгилесек, оюндун экинчи тиражы ушул жылдын 30-декабрында болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13220