Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталып жатат
RU

Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова Улуттук банктын финансылык мекемелери жана лицензия берген объектилеринин тизмесинен акча алмаштыруучу жайларды алып салууну сунуштап жатат.

Эл өкүлү "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду демилгеледи. Документ коомдук талкууда турат.

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын ачууга тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13229