Транспорт министринин орун басары Арча-Бешиктеги үйүнүн тосмосун буздурду. Видео
RU

Транспорт министринин орун басары Арча-Бешиктеги үйүнүн тосмосун буздурду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин Арча-Бешик конушундагы үйүнүн тосмосу бузулду. Маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин интернетке министрдин орун басары жашаган үйдүн тосмосу кызыл сызыктан өтүп, тротуар курууга тоскоолдук жаратууда деген маалымат тараган. Ошондой эле айрым блогерлер аткаминер тосмону түрттүрүүгө каршылык көрсөтүүдө деп жазышкан.

Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген мэрия өкүлдөрү аталган көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатканын айтып, жолдун курулушун кубаттаган транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары үйүнүн тосмосун өз демилгеси менен түрттүрөрүн билдирген.

Бул жагдайга Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев өз пикирин билдирди.

"Орун басарымдын үйүнүн забору өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн тосмосу бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү", - деди.

Учурда короо бузулуп, тротуар курууга даярдык иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13233