Кыргызстандык актрисалар эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды
RU

Кыргызстандык актрисалар эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн "Коляда-Plays" эл аралык театр фестивалында мыкты болушту. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Фестивалга жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал раматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча:

  • "Аялдын мыкты ролу" - Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Экөө" (Старая зайчиха) спектакли, режиссёру У. Карыпбаев. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;
  • "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" - Марина Фальман, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектакли, режиссёру Вячеслав Виттих, Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13243