Филармониянын тегерегиндеги газондон курал табылды
2014
Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын айланасындагы чөптөн тапанча табылды. Куралды "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын жумушчусу таап алган дешет ИИМдин маалымат кызматынан.
Бүгүн, 5-июлда болжол менен саат 09:54 чамасында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын Алмаз Акбаралиев аттуу жумушчусу филармониянын түштүк аймагындагы чөптөрдү кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу курал таап алган. Ал ИИМдин Күзөт кызматына кабар берген.
slide 3 of 2
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13251