Крим чөйрөдө Чач деген каймана аты бар жаран кармалды. Видео
RU

Крим чөйрөдө Чач деген каймана аты бар жаран кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Крим чөйрөдө Чач каймана аты менен жүргөн жаран Жалал-Абаддагы мейманканалардын биринен кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү.

Жогоруда аталган адам ИИМдин "АБД-ТОР" каттоосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, катары мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москвадагы кыргыз диаспорасына "смотрящий" болгон.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарларынын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган.

Бул фактылар боюнча тергөө иштери башталып, 5-июлда Чач кармалды. Тинтүү учурунда 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар "гашиш" заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берди. Кармалган адам КР МУККнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн жабыркагандар болсо кабар берип коюуну УКМКдан суранышат. Байланыш номери: (03722) 5-60-49.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13262