Адахан Мадумаровдун 4 тарапташын УКМКнын кызматкерлери суракка алып кетишти
RU

Адахан Мадумаровдун 4 тарапташын УКМКнын кызматкерлери суракка алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айрым тарапташтарын бүгүн, 6-июлда суракка алып кетишкенин Kaktus.media сайтына билдирди.

Анын айтымында, бир нече тарапташын саат 07:00дө алып кетишкен. Ал муну Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо менен байланыштырууда.

"Бул жерде шайлоонун кандай тиешеси бар? Шайлоо эчак эле жараксыз деп табылган. Анан дагы биздин кандидат жеңүүчү болгон эмес. Бул коркутуу жана өз элин келесоо кылуу", - деди Мадумаров.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери саясатчынын төрт тарапташын суракка алып кетишкен. Алардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров жана Мирлан Ураимов бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13268