Инфекциялык оорукананын дарыгерлери бейтаптарды уу коргошун менен дарылай башташтыбы?
RU

Инфекциялык оорукананын дарыгерлери бейтаптарды уу коргошун менен дарылай башташтыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык оорукананын бир бейтабына түшүнүксүз ысык тундурма беришкен. Алымкадыр Бейшеналиевдин басма сөз жыйынынан кийин ал COVID-19дан дарыланып жаткан бейтаптарды уу коргошун менен дарылап жатканын шекший баштады. Ал бул тууралуу Kaktus.media. редакциясына билдирген болчу.

Бүгүн, 17-апрелде, дарылап жаткан доктур менен сүйлөшүп жатып, бейтаптарды уу коргошун менен дарылоо буйругу жогору жактан түшкөнү аныкталды. Башкы дарыгер келип, бардык доктурларга ашыкча суроо бербестен уу коргошундун тундурмасы менен дарылай баштоону буюрган. Бирок, бизди дарылап жаткан доктур жана анын алты кесиптеши баш тартып, өз бейтаптарына жөтөлдүн дарысын чайга аралаштырып беришкен экен.

"Биз лабараториядагы коендор эмеспиз да. Эч ким биздин пикирибизди сураган жок. Мен президенттин билими жоктугун түшүнүп турам, бирок дарыгерлерге эмне жок! Алар киши өлтүрүүгө барып жатканын түшүнбөй жатышабы?", - деп окурман нааразы болду.

Калган бейтаптарга эмне берилгени белгисиз.

Редакция инфекциялык оорукананын жетекчилиги менен байланышууга аракет кылды, азырынча эч ким жооп бере элек. Биз алардын да пикирин угууга даярбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1326