Президенттин тууганы кармалганы айтылды
RU

Президенттин тууганы кармалганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров кармалганын "24.kg" маалымат агенттиги өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, 3-июлда райондук сот ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Ага ылайык, Ж.У.Р. тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 26-июлга чейин камакта болот.

Белгилүү болгондой, кармалган жарандын отчествосу - Ракымжанович. Ракымжан Жапаров өлкө башчынын аталаш тууганы.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13271