Кызыл-Кыяда базардын аймагынан эркек кишинин сөөгү табылды. Шектүү мурда соттолгон
RU

Кызыл-Кыяда базардын аймагынан эркек кишинин сөөгү табылды. Шектүү мурда соттолгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 42 жаштагы кишинин жансыз денеси базардын четинен табылды. Облустук милициядан шектүү изи сууй электе кармалганын билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 5-июль күнү саат 20:20 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир-Ажы" базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Бул маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маркумдун сөөгү базардын күн чыгыш тарабындагы Сухой-Сай тилкесинде эч ким жашабаган, кароосуз калган үйдөн табылып, денесинде жаракаты бар экендиги аныкталган. Каза болгон киши Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. болгон.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, 122-берененин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13286